Билим берүү министрлиги окуучулардын саны аз мектептерди оптимизациялайт

Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругу чыкты.

 

Ведомстводон маалымдашкандай, буйрукка ылайык жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат, анын ичинен:

  • Ош облусунда – 22;
  • Нарын облусунда – 10;
  • Чүй облусунда – 6;
  • Баткен облусунда – 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 5;
  • Талас облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 1.

Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу иштерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары КР президентинин облустардагы өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте 2024-жылдын 1-ноябрына чейин аякташы зарыл.

Ал эми райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары оптимизация болгон мектептердин кыскарган кызматкерлерин, тейлөөчү персоналдарды жумушка жайгаштыруу, жергиликтүү калк менен оптимизация боюнча келип чыккан маселелер боюнча иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин 2024-жылдын 1-декабрына чейин жыйынтыктоосу керек.

 

Белгилей кетсек, буйрук КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2024-жылдын 26-февралындагы № 31-6 протоколдук тапшырмасын аткаруу жана жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу максатында чыкты.