Өлкөдө бүтүрүү кечелерин өткөрүү күндөрү коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте сакталат.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 21-июндан 23-июнга чейин мектептерде 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу иш-чаралары өтөт.
Буга байланыштуу 5 миң милиция кызматкери билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда жана көчөлөрдө көзөмөл жүргүзөт.