Кыргызстанда жакынкы 3 жылда жаңы мектептердин курулушу пландалбайт

Кыргызстанда жакынкы 3 жылда жаңы мектептердин курулушу пландалбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш отурумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады. Анын айтымында, бийлик биринчи кезекте башталган курулуштарды аягына чыгаруу ниетинде.

 

Учурга карата 546 бүтө элек объект бар. Аларды куруп бүтүп, авариялык мектептерди калыбына келтирүү керек.

 

Бирок демографиялык көрсөткүчтү эске алуу менен Кыргызстанда жыл сайын жок дегенде 24 мектеп курулушу зарыл, — деди Жапаров.