Кыргызстанда өлкөнүн мыкты мектептеринин рейтинги түзүлдү

Кыргызстанда өлкөнүн мыкты мектептеринин рейтинги түзүлдү. Билим берүү министрлиги аны аныктоо үчүн көз карандысыз калыстар тобун түзгөн.

 

Комиссия биринчи кезекте мугалимдердин тажрыйбасын, коллективдин билим берүү жана башкаруу жөндөмүн жана окуучулардын жетишкен ийгиликтерин баалады.

 

Жыйынтыгында, эң мыкты мектеп деген наамга Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеп татыктуу болду. Сыйлык катары окуу жайдын бир кабинети заманбап жабдуулар менен камсыздалат.