Бир аптада 300дөн ашык адам мас абалында унаа айдаган

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 6-майдан 12-майга чейин өлкө аймагында 22 023 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталганын кабарлады.

Анын ичинен 319 адам мас абалында унаа айдаганы белгилүү болу. Тийиштүү документтери жок рулга отургандардын саны 313, ал эми автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандардын саны 74.

 

Мындан тышкары, бир адам жалган мамлекеттик номур менен кармалган.

Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 780, унаа токтотуу эрежесин бузгандар бул аптада 3 418 адам, белгиленген ылдамдыктан ашуу боюнча 4457 учур катталды.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1683 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.