Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу кыймылга убактылуу жабылды

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу кыймылга убактылуу жабылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аба-ырайынын начар шарттарынан улам аталган трасса аркылуу транспорттун бардык түрү өткөрүлбөйт.

 

Эркечтам ашуусунда учурда кар жаап, бороон болууда. Жеринде жолчулар иштеп жатат.