Бишкектин айрым жерлерине эки күн суу берилбейт

Бишкектин бир нече районунда 23-24-август күндөрү оңдоп-түзөө иштеринен улам суу берүү үзгүлтүккө учурай турганын мэрия билдирди.
23-август күнү суу саат 10:00дөн баштап 21:00гө чейин берилбейт. Дарек төмөнкүдөй:

Абаканов — Дэн Сяопин — Садыгалиев — темир жол линиясы;

Кустанай — Волков — Садыгалиев — Дэн Сяопин.

Ошол эле күнү саат 9:00дөн 15:00гө чейин борбор калаанын түштүк-батышында да суу өчүрүлөт. Мындан тышкары, Таш-Көмүр, Чыңгыз Айтматов проспекти, Айни жана Табалдиев көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу болбойт.
24-августта суу 10:00дөн 16:00гө чейин шаардын түштүк-батышында өчүрүлөт. Мында жаңы курулуп жаткан резиденциянын түштүк тарабы, Эркин-Тоо, Абдрахманов жана Восточная көчөлөрү менен чектешкен бөлүк камтылат.