Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого  9 талапкер катталды

Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого  9 талапкер катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлап, документ кабыл алуу токтотулганын белгиледи.

 

7 эркек жана 2 аял талапкерлигин жылдырып, каттоодон өттү. Шайлоо 22-сентябрда өтөт.

 

Эске салсак, аталган округдан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов мандатын өз арызы менен тапшыргандан кийин анын орду бош калган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.