Кыргызстанда биринчи жолу шайлоо электрондук форматта өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу шайлоо электрондук форматта өтөт. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Бул үчүн пилоттук режим менен Самаркандек айыл кеңеши тандалып алынды.

 

Электрондук добуш берүү системасы шайлоо тилкесинен тышкары колдонулат.

 

Ага тизмеге эртелеп киргизилген жарандар катыша алат. Ал үчүн 15 күн мурун “Түндүк” порталына арыз таштоо керек. Эске салсак, 9-апрелде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында айылдык кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт.