Ош – Сары-Таш – Иркештам унаа жолунда кар көчкү түштү

Ош – Сары-Таш – Иркештам унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Кар массалары трассанын 161-162- жана 177-178-чакырымдарында түшүп, жалпы көлөмү 7 миң кубометрден ашты.

 

Атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүрүүдө. Тилке унаа кыймылына жабык.