Бишкек ЖЭБинде жакынкы арада кошумча 4-5 буу казан ишке киргизилет

Бишкек ЖЭБинде жакынкы арада кошумча 4-5 буу казан ишке киргизилет.

 

Бул тууралуу жылуулук-электр борбордун башкы инженери Нурлан Кулжыгачев билдирди. Анын айтымында, учурда анда 4 буу казан иштеп жатат. Кошумча буу казандарды иштетүү менен жылуулук тармактардагы суунун табын көтөрүүгө шарт түзүлөт. Белгилеп кетсек, жалпысынан Бишкек ЖЭБинде 15 буу казан бар.

 

Бүгүн таңкы саат 3төрдө Бишкек ЖЭБинде авария болду. Анын кесепетинен беш кызматкер  ооруканага жаткырылды. Учурда экөөсүнүн абалы оор деп бааланууда.  Кырсыктын себептери такталып жатат.