Мамлекеттик органдарга Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепетин жоюу боюнча бир катар тапшырмалар берилди

Мамлекеттик органдарга Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепетин жоюу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

 

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, Энергетика министрлиги мэрия менен биргеликте кечки саат 5ке чейин авариянын себептери боюнча маалымат берип, кийинки аракеттер планын тузүшү керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Мамлекеттик курулуш агенттигине ЖЭБдин объектилерин калыбына келтирүү боюнча иштерди баштоо тапшырмасы берилди.

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү көзөмөлгө алып, Каржы министрлиги зарыл каражаттарды бөлүп бериши керек. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров белгилегендей, башкы тапшырма – шаар тургундарынын үйлөрүнө жана социалдык объектилерге тез арада жылуулук берүү.