Ордо калаада жана жалпы республикада электр энергиясы кадимки режимде  берилүүдө

Ордо калаада жана жалпы республикада электр энергиясы кадимки режимде  берилүүдө. Бул тууралуу Улуттук электр станцияларынан ишендиришти.

 

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу, кандайдыр бир бузуулар жана үзгүлтүккө учуратуу фактылары катталган жок.

 

Борбордук аппараттын жетекчилиги, бөлүм башчылар жана башка жооптуу адистер графикке ылайык нөөмөт жүргүзүүдө. Ошондой эле ыкчам бригадалар иштеп жатат.