Бишкекте быйыл 1-класска кирүү үчүн 17 миңден ашуун бала катталды. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда дагы 4 миңдей бош орун бар.
2024-2025-окуу жылы үчүн 1-класска жалпы 21 миң 850 квота берилген.
Ордо калаада 238 билим берүү мекемеси бар. Анын ичинде 121и орто мектеп, 111и бала бакча жана алтоосу балдардын чыгармачылык борбору.
Учурда баланы 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы жүрүп жатат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.