Быйыл Баткен облусунда 24 мектеп куруу пландалууда

Баткендин Базар-Башы кварталында жаңы мектеп курулууда. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим уясы 500 орунга ылайыкташкан.

 

Курулушка  республикалык бюджеттен 133 млн сом жумшалууда. Учурда иштер 40 пайызга аяктады. Объектти 2024-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатат.

 

Быйыл Баткен облусунда жалпы 24 мектеп куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө мерчемделген. Бүгүнкү күндө жети мектеп ачылды, дагы алтоо пайдаланууга берүү алдында турат.