Китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт

Кыргызстанда китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт. Билим берүү министрлиги менен Маданият министрлиги меморандумга кол коюшту. Документ балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүүгө жана китепканаларды өнүктүрүүгө багытталган.

 

Белгиленгендей, Билим берүү министрлиги мектепке чейинки балдар үчүн окуу программаларын иштеп чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинарларды уюштурат. Өз кезегинде Маданият министрлиги борборлорду ачуу үчүн китепканалардан жай бөлүп берет.