Бишкекте №1 шаардык клиникалык оорукананын жаңы корпусунун курулушу башталды

Бүгүн Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасында терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи өттү. Бул тууралуу

Салтанатка саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт мамлекетинин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, оорукананын жетекчилиги жана жамааты катышты.

 

Курулушту келерки жылдын сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда.

Объекттин сметалык баасы 80 млн сомду түзүп, толугу менен «Ас-Сафа Центр» коомдук бирикмеси каржылайт. Курулуш иштери аяктагандан кийин зарыл болгон эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер менен жабдылат.

Алымкадыр Бейшеналиев «Ас-Сафа Центр» коомдук бирикмесинин Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тутумунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, фонддун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

 

«№1 шаардык клиникалык оорукананын бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган жаңы имаратынын курулушу жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана бейтаптар менен кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртууга мүмкүндүк берет. Буга чейин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду бул ооруканага эки кабаттуу имарат куруп берген. Учурда ал имаратта кабыл алуу бөлүмү жана консультациялык-диагностика бөлүмү жайгашкан. Ошондой эле, жакынкы күндөрдө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган Гемодиализ борборунун имаратын ачуу пландалууда», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.