Баткен районунун Кара-Булак айылында тарыхый музейдин жаңы имаратынын курулушу башталды.
Ага республикалык бюджеттен 21,7 миллион сом каралган. Маданият үйүнүн курулушу ушул жылдын сентябрь айына чейин бүтөт деп пландалууда.
Музейде 2 миң 885 экспонат бар. Анын ичинен 16 бөлүмү эң байыркы экспонаттар болуп саналат.