Кыргызстанда курулуш тармагын реформалоо пландалууда

Кыргызстанда курулуш тармагын реформалоо пландалууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн сейсмологиялык өзөчөлүктөрүн эске алуу менен программа долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

 

Тиешелүү иштерди аткарууга профилдик кызматтарга 2 жума берилди.

 

Белгилеп кетсек, Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн кийин кыргызстандыктар биздин өлкөдөгү жаңы объектилердин курулуш сапаты боюнча маселени көтөрдү. Көп өтпөй, бийлик башаламан курулушка жол берилбей турганын жарыялап, көп кабаттуу үйлөрдүн тургузулушу катуу көзөмөлгө алынарын билдирди.