Чүй облусунун Чорголо айылында жаңы мектеп курулат

Чүй облусунун Чорголо айылында жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды. Сынакты облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.

 

Бул максатта ведомство 54 миллион 700 миң сом багыттайт. Ал эми мектеп 100 окуучуга эсептелет.