Бишкекте 14-августта Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жол өтмөгү бир күнгө жабылат

Бишкекте 14-августта Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жол өтмөгү бир күнгө жабылат.

 

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, чектөөлөр эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин киргизилип, оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Лущихин, Алыкулов, Садыгалиев көчөлөрү сунушталат.