Бишкек — Ош унаа жолундагы Көлбаев туннелинде оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштер 129-500-чакырымынан тартып 129-750-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун бир бөлүгүндө жүргүзүлөт. Жумуштар 30-июнга чейин уланат.
Буга байланыштуу күн сайын таңкы саат 5тен 8ге чейин, 10дон 12ге чейин жана 2ден 4кө чейин чектөөлөр киргизилип турат.