Бишкек – Алматы унаа жолу убактылуу жабылды

Бишкек – Алматы унаа жолу убактылуу жабылды.

 

Бул аба-ырайынын шарттарына ылайык, “Кордай” ашуусу чектелгенине байланыштуу, — деп билдиришти Чек ара кызматынан. Андан такташкандай, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү түйүндөрү штаттык режимде иштеп жатат.

 

Алыскы сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга аба-ырайынын божомолун карап, зарылчылык жок болсо жолго чыкпай турууну сунуштайт.