Бишкекте 24 саат бою унааларды каттоочу пункт ачылды

Бишкекте 24 саат бою унааларды каттоочу пункт ачылды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

 

Жаңы бөлүм Биримдик Кут конушунда жайгашкан. Бул жерде жарандар каттоо күбөлүктөрүн алмаштырып, калыбына келтирип унаа номурун да ала алышат.

 

Маалым болгондой, бөлүм жергиликтүү тургундарга гана эмес, бардык жарандарга кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.