Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттайт

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттайт. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, эми калк үчүн бир киловатт-саат 11 тыйынга жогорулап, 1 сом 11 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан жогору колдонулган учурда 2 сом 39 тыйын болот. Аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн 5 тыйынга кымбаттап, 55 тыйынга чыгат.

 

Ал эми бюджеттик колдонуучулар үчүн тариф учурдагы 2 сом 87 тыйындын ордуна 3 сом 76 тыйынды түзөт. Ведомстводон белгилешкендей, эми Кыргызстанда электр энергияга тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша жыл сайын өзгөрүп турат.