Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.
Анын айтымында, учурда документти ыңгайлаштыруу иштери жүрүп жатат. 17-19-майда эл аралык темир жолдун каржылык үлгүсү бекитилет. Долбоордун баасы 5 миллиард долларга чейин жетет.
Кыргызстандын аймагынан эле өтө турган каттамында 57 туннель курулушу күтүлүүдө, — деди Жапаров.