Бишкек ЖЭБин толугу менен газга өткөрүү пландалууда

Бишкек ЖЭБин толугу менен газга өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады. Ал белгилегендей, жылуулук-электр борборун көгүлтүр отко өткөрүү менен шаардын экологиялык абалын бир топ жакшыртса болот.

 

Буга чейин бул тема бир нече ирет шаардык кеңеште дагы, Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Ал эми ЖЭБдин жетекчилиги газга өтүүдө ишкана иштеп чыккан жылуулук жана электр энергиясынын баасы 40 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн экенин эскерткен.

 

Учурда борбор 96 пайызга көмүр,    4 пайызга газ менен иштейт.