Бишкекте 30 мектепте сабактар жарым саат эрте, 7:30да башталат

Бишкекте 30 мектепте сабактар жарым саат эрте, 7:30да башталат. Мэриядан билдиришкендей, борбордогу 103 мектепте 200 миңге жакын бала окуйт. Анын ичинен 7 миң  бала Чүйдүн жакынкы райондорунан келишет.

 

Ата-энелерге унааларды мектептердин жанына токтотууга тыюу салынат, эреже бузгандарга айып салынып, эвакуатор алып кетерин муниципалитет эскертет.

 

Эске салсак, шаар бийлиги тыгындарды азайтуу максатында окууну мектептерде саат 8ге чейин, ал эми жогорку окуу жайларда саат 10дон кийин баштоо чечимин кабыл алды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.