Бишкекте №5 троллейбустук каттамдын ордуна ушул эле номер менен жаңы автобус каттай баштады

Бишкекте №5 троллейбустук каттамдын ордуна ушул эле номер менен жаңы автобус каттай баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, №5 автобустук каттам Жал кичи районунан Тунгуч кичи районуна чейин жүрөт.

 

Мэриядан белгилешкендей, жолду оңдоо иштерине байланыштуу автобус убактылуу Медеров көчөсү аркылуу өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.