Нарында сак дооруна таандык петроглифтер табылды

Нарында сак дооруна таандык петроглифтер табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

 

Тарыхый табылгалар Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн экспедиция учурунда табылган.

 

Петроглифтер тартылган жаныбарлардын изи түшүрүлгɵн таштар биздин заманга чейинки II, III, IV, VI кылымдарга таандык, — деп айтылат маалыматта.