Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогу өтөт

Бүгүн жана эртең Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунун форуму өтөт. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын парламенттеринин депутаттары, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

 

Отурумдун алкагында айымдардын тынчтыкты жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын жана катышуусун талкуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги диалогдук платформа сунушталат.

 

Муну менен катар аялдардын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо процесстерине, тынчтыкты бекемдөөгө, кызматташууга жана туруктуу өнүгүүгө катышуусун камсыздоо үчүн зарыл чараларды иштеп чыгуу пландаштырылууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.