Баткен облусунун Лейлек районунда Ак-Суу каналынын курулушу уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2 миң 500 метр узундуктагы аталган каналдын курулушу бүтсө, Жеңиш, Ак-Суу айылдары жана эгин аянттары сел коркунучунан корголуп, 95 гектар жер аянты өздөштүрүлөт.
Учурда бул долбоордун курулуш иштеринин алгачкы этабы башталып, жеринде атайын техника иштеп жатат.