Бишкекте электр энергиясын керектөө чектен ашты

Ордо калаада электр энергиясын керектөө чектен ашты.

Бишкек электр тармактар ​​ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата шаар боюнча суткалык керектөө лимити тиешелүү чектен дээрлик 1,5 млн кВт/саатка, же 14 пайызга көп болууда. Мындан улам электр тармактарына жана жабдыктарга күч келип жатат.

Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн энергетиктер жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Электр энергиясы эң көп керектелген таңкы жана кечки убакта керектөөчүлөргө электр жылыткычтарын күйгүзбөө сунушталат.