Кыргызстандын медицина тармагына АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги кезектеги жардам катары 4 миллион доллар бөлөт.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен жолугушууда аталган агенттиктин администраторунун орун басары Изобель Коулман билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар өлкөнүн саламаттык сактоо системасындагы көйгөйлөрдү талкуулады.
Бериле турган каражат Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын бекемдөөгө багытталат.