Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 50дөн ашык объект аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 50дөн ашык объект аныкталды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволор аралык комиссиясы пансионаттардын, эс алуу зоналарынын курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын текшерип, мониторинг жүргүзүүдө.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилет.