Бишкекте көп функционалдуу комплекстин курулушу башталды

Бишкекте көп функционалдуу комплекстин курулушу башталды. Ага мейманкана, бизнес-борбор, турак жана соода аянттары кирет. Заманбап комплекс Жеңиш аянтынын маңдайында буга чейин түрттүрүлгөн “Нарын” ресторанынын ордуна курулат.

 

Объекттин курулушуна капсуланы президент Садыр Жапаров салды. Белгилеп кетсек, долбоорду эл аралык компаниялар ишке ашырат.

 

Анын сметалык баасы 321 миллион долларга теңелет.