Токтогул ГЭСинде экинчи гидроагрегатты капиталдык оңдоо иштери башталды

Токтогул ГЭСинде экинчи гидроагрегатты капиталдык оңдоо иштери башталды. “Электр станциялары” компаниясынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, кайра калыбына келтирүү иштеринен кийин Токтогул ГЭСине  60 мегаватт кубаттуулук кошулат.

 

Ошондой эле заманбап жабдууларды колдонуу менен электр энергиясын иштеп чыгуунун жылдык көрсөткүчү көбөйтүлөт деп пландалууда. Учурга карата станциянын жалпы энергетикалык кубаттуулугу 1 миң 260 мегаватты түзөт. Экинчи гидроагрегатты оңдоо иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат.