Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү өтөт

Бишкекте “Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө” аттуу кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордон билдиришти.

 

Маалыматта белгиленгендей, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген көргөзмө 16-18-майда Улуттук тарых музейинде болот.

 

Иш-чарага чет элдик кол өнөрчүлөрдүн катышуусу да күтүлүүдө.