Чуңкурчакта кымыз этнофестивалы өтөт

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда республикалык деңгээлдеги “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы өтөт.

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чара 5-августта болот. Анын алкагында боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси, ошондой эле спорттун үч түрү: аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер жана башка иш-чаралар уюштурулат.

 

Кароо- сынактын жыйынтыгы менен катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.