Бишкекте кылмышка шектүүлөргө электрондук билерик колдонула баштады

Бишкекте кылмышка шектүүлөргө электрондук билерик колдонула баштады. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, электрондук билерикти биринчи жолу ордо калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү кылмышка шектүүгө колдонду.

 

Буга чейин мындай билериктер үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө натыйжалуу болору кабарланган. Аны тагынган адамдын кайда жүргөнү аныкталып, кайсы бир аймактарга баруусу чектелет.