Ордо калаада дагы тогуз тез татым жайы убактылуу жабылды

Ордо калаада дагы тогуз тез татым жайы убактылуу жабылды. Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору текшерүүнүн жыйынтыгында аларга 247 миң сом айып пул салынганын билдирди.

 

Буга чейин санэпидем 37 тез татым түйүнүн текшерип, алардын 10ун убактылуу жапкан. Аларга 588 миң сом айып пул салынган.

 

Эске салсак, текшерүүлөр шаурмага массалык уулануудан кийин башталган. Жабыркагандардын жалпы саны 71 адамды түздү.