Бишкекте мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өттү

Бишкекте мектептер менен бала бакчалар 5-февралга чейин онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шаардык мэриядан билдиришти.

 

Мунун себеби Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланышы барбы же жокпу, тактала элек.

 

Буга чейин бүгүн түнү ЖЭБде авария болгону кабарланган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз.