Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май саткандар текшерилүүдө

Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май саткандар текшерилүүдө.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт кырсыгынын алдын алуу максатында атайын рейд жүргүзүп жатат. Анда өрт коопсуздук эрежеси сакталбай, күйүүчү-майлоочу майлар желим бөтөлкөлөргө куюлуп жол жээктеринде сатылып жаткандар аныкталууда.

 

Рейддин алкагында учурда жалпысынан 600 литрдей күйүүчү май конфискацияланды. Ал эми аны саткандарга административдик чаралар көрүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.