Ошто жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар иликтенип жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон аймактарды текшерип-иликтеп жатат. Мекеменин билдиришинче, 17-апрелде Кара-Кулжа районундагы мындай жерлерге көзөмөл жүргүзүлдү. Учурда Ноокат району изилденип жатат.

Өткөн айдын аягында Өзгөн районунда жер көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршаб айылына убактылуу көчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кызыл-Күңгөй тилкесинде 22-мартта таңга маал болжол менен 1 млн. метр куб жер көчкү түшүп, 18 турак турак жайга коркунуч пайда болгонун билдирген жана анда жашагандар чатырларга жайгаштырылган. Көчкү үйлөргө 300 метрдей гана жетпей калганы айтылган.

2017-жылы Өзгөндүн Зергер айыл аймагында жүргөн жер көчкү жети үйдү басып, 24 киши топурак алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан төрт миңдей үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана аларга көчүп кетүү зарылдыгы эскертилген. Алардын теңине мамлекеттен кайтарымсыз акча жана жер берилгени менен көбү жер которгон эмес. Буга чейин мындай аймактарда бир катар табыгый кырсыктар орун алган.