Бишкекте түндүк айланма жолду оңдоо пландалууда

Бишкекте түндүк айланма жолду оңдоо пландалууда.

 

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, жол кыймылынын көлөмү көбөйгөндүктөн трасса оңдоого муктаж. Ага ылайык, ушул жылдын июль айында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо аяктады.

 

Учурда министрлик эл аралык каржы институттары менен байланышып, каржылоо булактарын издеп жатат. Тагыраагы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду.

 

Тараптар айланма жолду оңдоо маселесин ийне-жибине чейин иликтеп чыгууну макулдашты.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.