Бишкекте Тез жардам кызматынын жаңы станциясы ачылды

Бишкекте Тез жардам кызматынын жаңы станциясы ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал Лебединовка айылында жайгашат. Анда күнү-түнү нөөмөт жүргүзө турган 5 бригада иш алып барат.

 

Жаңы подстанция Бишкектин курамына кошулган Аламүдүн районунун калк жашаган түйүндөрүн тейлейт. Имаратта ремонт жүргүзулүп, тиешелүү жабдуулар орнотулду.

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги жакынкы арада ордо калаанын түштүк-батыш жана түндүк-батыш тарабында дагы эки подстанция ачууну пландап жатат.