“Түндүк” порталында “Адамдын ден соолугунун санарип профили” кызматы ишке кирди

“Түндүк” мамлекеттик порталында “Адамдын ден соолугунун санарип профили” кызматы ишке кирди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңычылдык бейтаптын абалы тууралуу маалыматка тез жетүүгө мүмкүндүк берет.

 

Бул өз кезегинде медициналык жардамдын сапатын жогорулатат.

 

Бүгүнкү күндө системада адам кайсы ооруканага жаткырылганы, камсыздандыруу абалы, клиникаларга баруу тарыхы, анализдердин жыйынтыгы жана вакциналар тууралуу маалыматтар камтылган.

 

Тутум азырынча пилоттук режимде иштейт.