Кыргызстанда биринчи жолу электрондук медициналык документ берилди

Кыргызстанда биринчи жолу электрондук медициналык документ берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

 

Белгиленгендей, жаңычылдык медициналык маалымат алмашуу процессин кыйла жөнөкөйлөтөт жана тездетет.

 

Санариптик кол тамга коюлган документ Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүндө түзүлгөн. Бул кагаз балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн колдонулат.

 

Бул электрондук документ медицина тармагын санариптештирүүнүн башталышы жана ал улантылат, — деп айтылат маалыматта.