Бишкекте онкологиялык корпустун курулушу кайра жанданды

Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун онкологиялык корпусунун курулушу кайра жанданды.

 

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, объект И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык базасы болот.

 

Имараттын курулушунун жүрүшү менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таанышып, 2024-жылы онкологиялык оорулардын алдын алууга кошумча каражат бөлүү пландалып жатканын белгиледи.

 

Имараттын курулушу 2017-жылы башталган, бирок бир нече себептерден улам бүтпөй келген.