Бишкекте троллейбус каттамдары толугу менен алынат

Бишкекте троллейбус каттамдары толугу менен алынат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, жарнамалык такталар да тазаланууда.

 

Электр чубалгылары, кабелдер жер астына өткөрүлүп жатат. Ал эми электробус жана башка коомдук транспорт мобилдүү болгондуктан тыгын маселесин чечүүдө жардамы тиет, — деди мэр. Учурда Бишкекте жолдор оңдолуп жаткандыктан №11 жана №14 троллейбустар гана жүрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.